Негизги меню
Башкы бет
Жаңылыктар
Бөлүмдөр
Архив

Макалалар
Форум
Олуттуу темаларда талкуулар
Жан дүйнө
Сайтыбыздын форуму
Кызгалдак Кыздар Клубу
Архив

Кербен Сөздүк
_SOZ_N_SOZJOOP
_SOZ_N_SOZ

Китепкана
Архив
Статистика

Муз.Кампа
Популярдуу
Рейтинг

Сүрөт Галереясы
Шилтемелер каталогу
Шилтеме кошуу
Популярдуу
Рейтинг

Mүчөлөр
Маалымат
Байланыш
Сайт жөнүндө
Веб-усталарга

Көп суралган суроолор
Кирүү
Кош келиңиз Конок!

Биз сунуштагандардын баарын толук колдонуу үчүн:

1. Аты-жөнүңүз менен кириңиз
2. Сырсөзүңүздү унуттуңузбу?
3. Каттоодон өтүңүз!

Аты-жөнүңүз

Сырсөзңүз


Кербен Долбоор

Китеп кылып чыгарабыз. Бир окуп чык! Бул долбоордо сенин да "тузуң" болсун!
Ким онлайн?
 Коноктор: 2
 Мүчөлөр: 1
 Баары: 3

1: Taalaibek Ashirov
Туулган күндөр
Бүгүн туулган күнү менен эчкимди куттуктабайт экенбиз. :)
Жарнама
Тобокел сүрөт


ушул альбомдогулар ...
Издөө

Адам болуу аста аста, айбан болуу бир паста.
Форумда акыркы талкуулар (05.09.08, 19:22:40)
 ФорумТемаларЖоопторКөрүүСоңку пикирлер
#Оюн-тамашаАпендинин жооругу32512752Акунов Амангелди
5.9.08 17:59
#Оюн-тамашаКызыктуу Суроттор10248Abdykapar Batyrov
5.9.08 11:54
#АдабиятТҮБӨЛҮКТҮҮ ДОС3534Azamat_Temirbek
5.9.08 10:09
#Ар түрдүүОффтоптордун жыйнагы67316861Bubina Cholponkulova
5.9.08 03:36
#АдабиятТамырларга кирген смстер (кыска кабар кызматы :))56117720Abdykapar Batyrov
5.9.08 00:27
#Ар түрдүүСиз ОРОЗО кармайсызбы17478Ibrahim Turkhan
4.9.08 21:38
#Оюн-тамашаСуроого, суроо менен жооп берем...214730311Abdykapar Batyrov
4.9.08 03:27
#Ар түрдүүЭркин тема ;-)46429057Abdykapar Batyrov
4.9.08 03:21
#Чет тилдерWas Ist Das?2549790Bubina Cholponkulova
4.9.08 01:50
#Мүчөлөрдүн бөлмөсүИнтернеттен алчу очум бар...301623Kubanych_Mukash
3.9.08 12:36
#Оюн-тамашаБузук телефон.103919606Abdykapar Batyrov
3.9.08 00:48
#КуттуктоолорСайрагул туулган кунун менен!!!046Равшанбек Абсатаров
2.9.08 13:05
#Оюн-тамашаБир нече табышмак ?1605763Kojali_Abazov
1.9.08 22:36
#Мүчөлөрдүн бөлмөсүАдашкан адам...(менин болмом)281326Ades Abdikadir
1.9.08 14:36
#Мүчөлөрдүн бөлмөсү"НУРмырза"кана1865932Айбек Курманалиев
1.9.08 14:29
#Руханий дүйнөОрозо...685775Taalaibek Ashirov
1.9.08 14:18
#Ар түрдүүТаанышуу бурчу.151969641Hурмырза Kожояров
1.9.08 12:00
»» Форумга кирүү

Жаңы мүчөлөр
Максат Бейшеева 1.8.08
Samat Ryskulov 1.8.08
Samara Sydykova 31.7.08
Асылбек Жарматов 31.7.08
Zhoomart Abdymanapov 31.7.08
 Бардык катталгандар: 949

Жаңы кошулган ырлар
  Биз - Тан чолпон жылдызым
  Алардан башка - Б. Бадиева "Сүйүү тамгасы"
  Алардан башка - Замана
  Бек Борбиев - Делбирим
  Алардан башка - Айнуру
  Алардан башка - Асылбек Өзбеков - АК КУУ
  Алардан башка - Асылбек Өзбеков - Селкинчек
  Каныкей - Заман
  Гүлнур Сатылганова - Санат ыры
  Алардан башка - Бекчоро: мен үчүн белең
  Алардан башка - Асылбек Өзбеков- Сенденби же менденби..
  Султан Садыралиев - Жөнөкөй жигит
  Kerben.Org таланттары - Сагындым

Маданият : Ак таңдай, жез таңдайлар таанылды
 Жарыялаган: Taalaibek Ashirov. Датасы: 3.9.08 17:52 (12 жолу окулду)

Кыргыз эли "Өнөр алды-кызыл тил", "Өнөрлүү өлбөйт"-деп Рух казынасын нечен түрлүү өнөр менен толтуруп, бардыгынан бийик койгон. Мына ошол өнөр казынасынын эң төрүнөн орун алган ары кереметтүү, ары нускалуу өнөрлөрдүн бири-төкмө акындык.

Кыргыздар абалтан эле акынды элдик деп түшүнүп , "Элчи менен ырчыга өлүм жок" деген пикирде болгон. Төкмө акындар жалпы элди жакшылыкка үндөп, эл кыдырып, жер кыдырып, көргөн билгенин ырга салып, ыргак менен куюлуштуруп ырдаган. Кыргыз элинин басып өткөн улуу тарых жолун, рухун, маданиятын, каада-салтын, үрп-адатын төкмө акындардын оозеки сакталган эмгегисиз элестетүү мүмкүн эмес.

  Уландысын окуу » | Макаланын өлчөмү: 3826 символ | Комментарий?

КЫРГЫЗСТАН : Кыргызстанда “Боинг” жүргүнчү учагы кыйрады
 Жарыялаган: Taalaibek Ashirov. Датасы: 25.8.08 23:11 (44 жолу окулду)

24-августта Бишкектеги аэропорттон Тегеранга багыт алган "Итек Эир" компаниясынын “Боинг-737” учагы абага көтөрүлгөндөн көп өтпөй кыйроого дуушар болуп, ичиндеги 90 кишинин 68и каза тапканы кабарланууда.

Кырсыктын себептерин иликтөө боюнча мамлекеттик комиссиянын башчысы, өкмөт башчы Игорь Чудинов жүргүнчүлөрдүн 51и чет өлкөлүктөр болгонун билдирген. Алардын көпчүлүгү ирандыктар, ошондой эле, АКШ, Канада, Түркия жана Кытай атуулдары да болгон.

  Уландысын окуу » | Макаланын өлчөмү: 2349 символ | Комментарий?

Спорт : Канат Бегалиев күмүш медаль утуп алды
 Жарыялаган: Taalaibek Ashirov. Датасы: 17.8.08 20:57 (31 жолу окулду)

Грек-рим күрөшү боюнча Кыргызстандык балбан Канат Бегалиев олимпия оюндарында күмүш медалга ээ болду.

Бул Бээжин оюндарындагы Кыргызстандын энчисиндеги экинчи медаль болгону менен, эгемен Кыргызстандын тарыхындагы биринчи күмүш медаль. Кыргыз балбанын жеңиши менен өлкө президенти Курманбек Бакиев куттуктады.

Грек-рим күрөшүнүн эларалык чебери Канат Бегалиевдин жеңиши Кыргызстандын эгемен тарыхындагы эң чоң спорт жеңиштердин бири катары белгиленүүдө. Буга чейин кыргыз спортчулары советтик мезгилде гана олимпиада чемпиондору болушкан.

  Уландысын окуу » | Макаланын өлчөмү: 2650 символ | Комментарий?

КЫРГЫЗСТАН : 08.08.08: БАКЫТ ЫРООЛОГОН КҮН
 Жарыялаган: Torokul_Dorov. Датасы: 17.8.08 20:35 (35 жолу окулду)


Бүгүнкү күндү Кыргызстанда “тойлордун күнү” деп атаса да болмок. 2008-жылдын сегизинчи айынын сегизинчи күнүндө үйлөнгөндөрдүн никесин мыйзамдаштырган Бакыт үйлөрүндө кезекке турган жаштар көбөйдү. Бишкектин көчөлөрүндө жасалгаланган машинелердин катарлары толуп, кафе-ресторандарда тойлор өтүп жаткан кези. Кытай календарына ылайык, дал ушул күнү үйлөнгөндөр бактылуу өмүр сүрүшөт экен. Ырымга ишенип, былтыр да 2007-жылдын жетинчи айынын жетинчи күнүндө үйлөнгөндөр көп болгон эле.

  Уландысын окуу » | Макаланын өлчөмү: 4960 символ | Комментарий?

КЫРГЫЗСТАН : 14-июнь Кыргызстанда аза күтүү күнү
 Жарыялаган: Taalaibek Ashirov. Датасы: 11.6.08 16:57 (81 жолу окулду)

Улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун көзү өтүшүнө байланыштуу президенттин жардыгы менен 14-июнь Кыргызстанда аза күтүү күнү деп жарыяланды

Бул күнү Кыргызстандын Мамлекттик туусу ылдый түшүрүлөт. Маданият мекемелерине жана телерадиокомпанияларга оюн-зоокторду токтотуу сунушталды. Ушул эле жардыкка ылайык Чыңгыз Айтматовдун тажыясын өткөрүү боюнча мамлекеттик катчы Досбол Нур уулу башында турган комиссия түзүлдү. Улуу жазуучу менен коштошуу 14-июнда Кыргыз улуттук Токтогул Сатылганов атындагы филармонияда эрте менен башталып, маркумдун сөөгү “Атабейит” музей-мемориалдык комплексине коюлат. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан кабарлашты.

  Уландысын окуу » | Макаланын өлчөмү: 11657 символ | Комментарий?

ДҮЙНӨ : Кыргыз эл жазуучусу Чынгыз Айтматов дүйнөдөн кайтты
 Жарыялаган: Taalaibek Ashirov. Датасы: 10.6.08 23:52 (158 жолу окулду)

Дүйнөлүк атагы бар кыргыз жазуучусу Чынгыз Айтматов катуу оорудан кийин дүйнөдөн кайтты.

Германиядагы Нюрнберг бейтапканасынын өкүлү Бернд Шиглер БиБиСиге байланышып буларды билдирди:

Чынгыз Айтматов бүгүн Германия убактысы боюнча түшкү саат 15:30да, 79 жашында көз жумду. Ал пневмонияга кабылып, өпкөсүнүн оорусу өтүшүп кеткенден улам каза болду. Соңку күндөрү Айтматовду караган доктурлар абалын өтө оор деп баамдашкан. Чынгыз Айтматов 19 майда Нюрнбергге келгенинен бери жанында жакындары болуп турду. Ал Казан шаарынын ооруканасынан которулгандан бери аппараттын жардамы менен дем алып, кома абалынан чыккан эмес.

  Уландысын окуу » | Макаланын өлчөмү: 2160 символ | Комментарийлер: 2

Маданият : Композитор Сталбек Бактыгулов: «Үйлүү болгондо моралдык жактан мени басынтышкан»
 Жарыялаган: Taalaibek Ashirov. Датасы: 5.6.08 13:53 (88 жолу окулду)

- Сталбек агай, замандын шарданына жараша сизге окшогон таланттар көмүскөдө калгандай, көптөн бери дайыныңыз билинбей кетти. Азыр эмне иш менен алектенип жатасыз?

— Жакында КТРдин журналисти Болотбек Макетаев «Тумар» деген кинофильм тартканы жатыптыр. Мага музыкасын жазып бериңиз деп кайрылганынан, жан дилим менен макул болдум. Декоративдүү музыкалык жанрдын өзгөчөлүгү киного көрк кошот, ошондой музыка жаратайын деп жатам. Болотбек Макетаевди күчтүү журналист катары билем. Кинонун сценарийин өзү жазып жаткан экен, демек менин үмүтүм чоң. Мага ишеним көрсөтүп жаткандан кийин Болотбек Макетаевдин ишенимин актайт болушум керек. Чыгармачылык жактан көз карашыбыз дал келип иштеше алабыз деген үмүттөмүн.

1979-жылдан бери И.Арабаев атындагы университеттин музыка кафедрасында иштеп келе жатам. Филармониянын алдындагы эки жылдык фольклордук студия бар, анда жаштарга сабак берип келатам. Филармониядагы чыгармачылык атмосфера мага жагат. Себеби коллегалар менен баарлашасың дегендей. Студенттерге да жан дилим менен сабак бергенге аракет кылам. Эң кубанычтуусу, дайыма филармонияга жумушка баргым келип турат.

  Уландысын окуу » | Макаланын өлчөмү: 11079 символ | Комментарий: 1

Саясат : АЙТИБАЙ ТАГАЕВ ЖОГОРКУ КЕҢЕШ ТӨРАГАЛЫГЫНА ШАЙЛАНДЫ
 Жарыялаган: Taalaibek Ashirov. Датасы: 29.5.08 21:04 (102 жолу окулду)

Жашыруун добуш берүүнүн жыйынтыгында бул орунга көрсөтүлгөн талапкерге 77 депутат макул, 2 депутат каршы добуш беришти. Натыйжада Айтибай Тагаев көпчүлүк добуш менен ЖК төрагалыгына шайланды деп табылып, парламент бул боюнча тиешелүү токтом кабыл алды. Жаңы төрага ишеним көрсөткөнү үчүн депутаттарга ыраазычылык билдирген соң, парламент саат 14кө чейин танаписке тарады.

Талапкерлиги көрсөтүлгөн соң Айтибай Тагаев депутаттардын алдына чыгып, үч фракция менен да жолугушуп келгенин, чынында төрагалыкка көрсөтүлүшү күтүүсүз болгонун айтып, ишеним көрсөткөнү үчүн президентке жана “Ак жол” партиясынын саясий кеңешине ыраазычылык билдирди.

  Уландысын окуу » | Макаланын өлчөмү: 2009 символ | Комментарий: 1

Маданият : Голливуд режиссеру Баткен окуясы тууралуу көркөм тасма тартат
 Жарыялаган: Taalaibek Ashirov. Датасы: 26.5.08 19:24 (85 жолу окулду)

Бул тууралуу маалымат жыйынында “Кыргызкино” улуттук концернинин жетекчиси Замир Эралиев бүгүн билдирди. Анын айтымында бир топтон бери Голливудда эмгектенген режиссер Эркин Ялгашев 1999-2001-жылдары Баткенде болуп өткөн окуялардын негизинде фильм тартууга тилегин билдирүүдө. Башкы ролдордун биринде атактуу актер Хироюки Тагава ойномокчу. “Тартылып бүткөн соң бул фильм дүйнөлүк прокатка чыгат. Мындай эгемен Кыргызстандын тарыхында боло элек болчу”,- дейт ал.

Ошондой эле анын айтымында, жакында Орусиянын биринчи каналы аркылуу кыргызстандык режиссер Нурбек Эгендин “Сеть” аттуу көп сериялуу фильми көрсөтүлө баштайт. (Azattyk)


Экономика : «Кээде эки башка байпак кийип чыгып кетем»
 Жарыялаган: Taalaibek Ashirov. Датасы: 24.5.08 21:58 (129 жолу окулду)

«Шоро» компаниясынын президенти Табылды Эгембердиев учурда дагы башка чоң долбоордун үстүндө иштөөдө.

Ал бүгүнкү тапта унутулуп бараткан улуттук оюндарды жандандыруу максатында этнографиялык борбор куруу менен алек. Биздин бүгүнкү каарман жаңы долбоор, жашоо-турмуш, үй-бүлө, байлык жана өзү туурасында биз менен ой бөлүштү.

- Табылды мырза, учурда эмне менен алек болуп жатасыз?

- 15 жылдык өмүрүмдү «Шоронун» өнүгүүсүнө бердим. Азыр компанияны иним Жумадыл иштетип, эми мага жасай турган иш деле калган жок. Кыргыздын маанилүү ордо, тогуз коргоол оюндары жарма жок болгондой эле унутулуп баратат. Унутулуп бараткан улуттук оюндарды тирилтип, жандандыруу максатында этнографиялык борбор куруу үчүн Бишкек шаарынын четинен 1 гектар жер сатып алгам. Анын үстүнө Кыргызстанга чет өлкөдөн туристтер, коноктор келип кыргыздын улуттук тамагы барбы, рестораны барбы десе уят болуп туруп калабыз. Мисалы, кытай, уйгур, түрк, орустардын улуттук тамак-ашын жасаган атайын жайлар бар. Кыргыздардыкы болсо да толук кандуу эмес, башкалардыкы менен аралашып кеткен, купулума толбойт. Ошондуктан ушул жерге кыргыздын тамагынан тартып, салт-санаасынан бери көрсөтүп турчу этнографиялык борбор куруу менен алектенүүдөмүн. Бул жерде ордо ойноочу 3-4 жай, боз үй, ала бакан селкинчек болот. Кадимки суу тегирмен койсом деген оюм бар. Андан тышкары шаркыратма, бассейн жасатсамбы деп пландап жатам. Ошол эле соку, тепши буудай, таруу куурулуп, казанга нан жабылып, колдон келсе кыргыздын сайма сайган, оюу ойгон уздарын отургузуп койсом, алардын эмгектерин ушул жерден сатсак деген пландар бар. Андан сырткары борбордун ортосуна таканын формасындагы көл жасалат, ортосунда ордо ойнолот, жээгинде жети боз үй тигилет. Өзүм да ордону жакшы көрөм, бала чагым ушул оюн менен өттү десем да болот.

  Уландысын окуу » | Макаланын өлчөмү: 17456 символ | Комментарий?

« Мурунку[1] 2 3 ... 37 Уландысы »



© 2004 - 2008 Кербен.Org — Кыргызча маалыматтык - көңүл ачуу порталы. Колдонуу шарттары

Сайтта колдонулган баардык сүрөттөр, соода белгилери жана эн тамгалар алардын тиешелүү ээлеринин жеке менчиги болуп саналат.
Пикирлер аларды жазган адамдардын гана көз карашын чагылдырат.


Hosted by JASHOOKEREMET ($5.79/month - 500GB, 5TB, PHP, MySQL, unlimited email, ...)







- Генерация страницы: 1.060118 секунд -