| Форумда акыркы талкуулар (03.07.09, 05:01:27) |
|
|
|
| Илим жанa Билим берүү : Темирден жасалган Темирбек аттуу робот |
Жарыялаган: Taalaibek Ashirov. Датасы: 30.6.09 15:27 (13 жолу окулду)
Эл аралык Ататүрк Ала-Тоо университетинин бүтүрүүчү студенти Чыңгыз Кадыркулов досу экөө Кыргызстанда алгачкы робот курады. Студенттердин айтымында, Темирбек аттуу робот мындан ары да өркүндөтүлөт.
|
|
| Маданият : “Поп - музыканын падышасы” 50 жаш курагында дүйнөдөн өттү |
Жарыялаган: Taalaibek Ashirov. Датасы: 26.6.09 12:37 (23 жолу окулду)
“Поп - музыканын падышасы” Майкл Жексон 50 жаш курагында дүйнөдөн өттү. Ал жашаган Лос –Анжелес шаарынын расмий өкүлдөрдүн айтымында, ырчы жүрөгү токтоп калды деген шек менен үйүнөн ооруканага шашылыш жеткирилген. Майкл Жексон поп - музыканын дүйнөсүнө сенсацияны XX кылымдын экинчи жарымында алып келген.
Ырчынын бир тууганы Жермэйн Жексондун айтымында, Калифорния университетиндеги медициналык борбордун дарыгерлери Майкл Жексонду ээсине келтирүү үчүн бир сааттан ашуун аракеттеништи, бирок оң натыйжа болгон жок.
|
|
| Саясат : Б. Бешимов: Саясатта таасирдүү жаштар жок |
Жарыялаган: Taalaibek Ashirov. Датасы: 22.6.09 21:49 (21 жолу окулду)
Кыргыз саясий элитасынын интеллектуалдык лидерлеринин бири, профессор Бакыт Бешимов жаштар менен көп жолугушат. Алардын ойлору, проблемалары, максат-мүдөөлөрү менен жакындан тааныш. “Азаттык плюс” апта темасынын (“Кыргыз жаштарынын проблемалары”) алкагында Бакыт Бешимов менен маекти сунуштамакчы.
Бакыт Бешимов: - Мен жаштар менен сүйлөшкөндө “муундар кагылышын” сезбейм. Тетирисинче, кээде өздөрү жаш туруп, чалдардай ойлонгондорду көргөндө, ушундай ыңгайсыз абалда калам. Анткени жаштык бул жөн эле курак эмес, бул – ылдам ойлоно билүү, дүйнөнү өтө кызыгуу менен кабыл ала билүү жана изденүү. Айрым улгайган адамдар дал ушул касиеттерге ээ. Өздөрү кары көрүнгөнү менен ички дүйнөсү жаш адамдарды мен жаш деп атамакмын.
|
|
| Коом жана Турмуш : Таабалды Эгембердиев: «Айдар менин бизнесиме тийишкен эмес» |
Жарыялаган: Taalaibek Ashirov. Датасы: 22.6.09 13:57 (32 жолу окулду)
Гениалдуу нерсенин баары жөнөкөй. Бул адамды чоң бизнеске алып келген идея да жөпжөнөкөй болчу. Кадимки эле кыргыздын суусундугу. Аны кыргыздар нечен кылымдар бою жасап келишкен. Бирок суусундук алып келүүчү чоң кирешени ушул инсан гана көргөн өңдүү. Биздин маек “Шоро” компаниясынын президенти Таабалды Эгембердиев менен.
– Таабалды мырза, сизди “кыргыздын максымын даярдап сатуу идеясын эжесинен алган” дешет, ошол чынбы?
– Эжемден албай эле мектепти бүткөн соң шаарга келип, чаңкаганда максым таппай карайлаган учурларда келген ойлор болчу. Анда 1968-жылдар. Мен 17 жаштамын. Политехникалык институтка тапшырып, окуй баштадым. “Орто-Сай” базарынын акыр-чикирге толгон жерлерине эки-үч келин фляжка менен алып чыгып, милициялардан бекинип максым сатышчу. Мен атайын издеп келип, максым ичип кетчү элем. Ошондо “эмне үчүн Кыргызстанда туруп, кыргыздын суусундугун коркпой-үркпөй сатууга болбойт?” деп ойлочумун.
|
|
| ДҮЙНӨ : 8-Улупамир Маданият Шаң Шапаты |
Жарыялаган: Taalaibek Ashirov. Датасы: 21.6.09 15:08 (22 жолу окулду)
Түркиянын Чыгыш тарабында Ван областынын Эржиш районунун Улупамир айылында Түркиядагы кыргыздардын '8-Маданият Шаң-Шапаты' 21-июнда болот. Жыл сайын өткөрүлүп салтка айланып калган бул шаң-шапатка быйыл катышуу абдан жогору болууда.
Стамбул шаар башчылыгынын салымы менен Түркиядагы кыргыздардын Стамбулдагы жана Улупамирдеги маданият коомдорунун уюштуруусунда өткөрүлүп жаткан 8-Маданият Шаң-Шапатына Кыргызстандан жоон топ делегация келип катышып жатышат. Алардын арасында Кыргызстан-Түркия Манас Университетинин ректору проф.Сулайман Кайыпов, ТҮРКСОЙ-Кыргызстан Фондунун төрагасы проф.Кадыралы Конкобаев, Мамлекеттик тил комиссиясынын төрагасы Ташбоо Жумагулов, Ысык-Көлдөгү «Ак-Жол» жылкы фермасынын төрагасы Др.Замир Мукашев жана ошондой эле кыргыз чеберлер Доц.Роза Аманова, Замирбек Үсөнбаев, Жеңишбек Токтобеков, Асылбек Насирдинов, Дөлөтбек Сыдыков бар.
|
|
| ДҮЙНӨ : Ислам Каримовдун бийликтеги 20 жылы |
Жарыялаган: Taalaibek Ashirov. Датасы: 20.6.09 19:17 (23 жолу окулду)
18-июнь күнү Ислам Каримовдун Өзбекстандын жетекчиси болуп дайындалганына туура 20 жыл толду. Ал бийликке келээр алдында Өзбекстан бүткүл Советтер Союзуна “пахта чатагы” боюнча атагы чыгып, ага байланыштуу ондогон жетекчилер камакка алынып, кээ бирлери атынып өлгөн. Коомдо кризистик маанай күчөп, өлкө чоң өзгөрүүлөргө даяр эле.
Өзбекстан чоң өзгөрүүлөргө суусап турган
1980-жылдардын башында СССРде сенектик доору аяктап, о дүйнөгө аттанып, Кремлди бошотууга аргасыз болгон компартия жетекчилеринин ордуна КГБда иштеп, далай жашыруун сырларды билген Юрий Андропов келгенде, советтик экономиканын көрсөткүчтөрү көп жылдардан бери жасалма көбөйтүлгөн “жел сандарга” толуп кеткени ачыла баштайт.
|
|
| КЫРГЫЗСТАН : Айтматовсуз бир жыл |
Жарыялаган: Taalaibek Ashirov. Датасы: 12.6.09 22:35 (37 жолу окулду)
Мезгилдин учкулдугуна кайрадан таң калып туруудан башкага ал келбей, кечээ эле болгон нерсе сыяктуу өткөн күндөрдү колдон чыгарып ийгенге таң кала ойлонуп жатабыз. Арабыздан бөлүнүп кеткен залкар инсан, кайталангыс чоң талант Чыңгыз Айтматовду жоктоп ыйлап турган учурдан бери да минтип бир жыл өтүп кетиптир.
Биз ошондо улуу жазуучуну урматтап анын ысымын түбөлүк калтырабыз, ар дайым эскерип турабыз, кыргызды дүйнөгө тааныткан улуу жазуучуга артында калгандар тынымсыз кызмат кылабыз дегенбиз. Ошол айткан нерселерди аткара алдыкпы? Жок. Азырынча жок.
|
|
| КЫРГЫЗСТАН : Ала-Тоого жарашкан жаңы туу… |
Жарыялаган: Taalaibek Ashirov. Датасы: 12.6.09 22:33 (29 жолу окулду)
Кыргызстанда мамлекеттик символикаларга байланыштуу дагы бир дата пайда болду. Мындан ары 3-март «Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик Туусунун күнү» болуп калмакчы. Ал эми «Ала-Тоо» аянтында 45 метр бийиктикке жаңыланган кыргыз байрагы илинди.
11-июнда саат тогузда «Ала-Тоо» аянтында гимн менен коштолгон жаңы байрактын көтөрүлүү аземи болду. Ага Кыргыз Республикасынын президенти Курманбек Бакиев баш болгон жетекчилер жана шаар тургундары катышты.
|
|
| ДҮЙНӨ : Өзбекстан чек ара бойлото аң казып кирди |
Жарыялаган: Taalaibek Ashirov. Датасы: 10.6.09 16:14 (45 жолу окулду)
Өзбекстан тарап Кыргызстан менен болгон чек арасын бойлото аң каза баштады. Кошуна өлкө мындай бир тараптуу аракети менен эки тараптуу келишимдерди жана эл аралык эрежелерди одоно түрдө бузууда.
Өзбекстан тарап Кыргызстандын Сузак, Араван, Ноокат жана Кадамжай райондору менен болгон чегарасынын адам өтүүгө мүмкүн болгон жерлерин бойлото аң казып киргендигин Кыргызстандын чегара кызматы да ырастады. Айрым аралыктарда казылган аңдын эни дагы, тереңдиги дагы үч метрден.
|
|
| ДҮЙНӨ : Толеранттуулук, диалог жүргүзүү жолу жана прогресс |
Жарыялаган: Taalaibek Ashirov. Датасы: 8.6.09 15:26 (28 жолу окулду)
Дүйнө жүзүндөгү көптөгөн улуттардын өз ара достук жана бири-бирин түшүнүү негизинде жашоосу үчүн көптөгөн тоскоолдуктар турганы талашсыз. Алардын арасында бай түндүк - жарды түштүк, расалык жактан бөлүнүү, кен байлыктарга ээ болгондор менен ага жардылар жана башка дагы бир далай ажырымдар коомчулукту бөлүп-жарып, тирешүүнүн себепкери болууда.
Буларга кошумча түрлүү диний агымдардын арасындагы пикир келишпестиктин айынан диний тирешүү учурда христиан дүйнөсү менен ислам дүйнөсүнүн ортосундагы ажырымды арттырып, куралдуу тирешүүгө чейин жеткирип, азыркы маалда арабдар менен еврейлердин ортосундагы кагылышуу токтобой келе жатат.
|
|
|