Катталуу Келишиминин Шарттары
Катталууну улантуудан мурда баарыбыз үч сыйра окуйбуз:
Бул сайттын администраторлору жана модераторлору ар кандай жагымсыз пикирлериди жана материалдарды мүмкүн болушунча алдын алууга, өчүрүүгө же өзгөртүүгө жасаган аракетине карабай, алардын ар бир пикирди карап отурганга убакыты жок. Ошол себептен форумда жарыяланган материалдардын жана пикирлердин мазмуну бул сайттын администраторлору эмес, аларды жарыялаган адамдардын көз карашын чагылдырат, администраторлор жана модераторлор (булар тарабынан жарыяланбаса) бул учурда алар үчүн эч бир жоопкер эмес.
Сиз,
1. аркандай кемсинтүүчү, акаарат келтирүүчү, капа кылуучу, жалган, ушак-айың, арам сөздүү, адеп-ахлакка туура келбеген маалымат/жорум жазбоого;
2. эч кимди анын көз карашы, келбети, улуту же ишеними себебибен айыптабоого, бөлбөөгө;
3. кыргыз (орус) тилиндеги жарыяларды кирилл алиппеси колдонуп жазууга;
4. мүмкүн болушунча, жорум, жоопторду кеңири, так жана түшүнүктүү жазууга;
5. маанисиз, керексиз маалымат, жорум жазбоого;
6. жетекчилер чыгарган чечимдерге каршы болбоого;
макулдук бересиз.
Бул эрежелерди бузуу аракеттери Сиз тараптан жасалгандыгы аныкталса, анда Сиздин бул сайтка кирүү жолуңуз тезинен жана туруктуу түрдө торолот (бул жөнүндө интернет провайдериңиз да кабардар кылынат). Бул шарттарды аткарууга көмөк көрсөтүү максатында ар бир пикирдин IP-дареги сакталып калынат. Вебуста, администратор же модераторлор каалаган учурда өздөрүнүн көз карашы боюнча пикирлерди жана темаларды өчүрүүгө, өзгөртүүгө, жабууга же башка оң көргөн бөлүмгө көчүрүүгө укуктуу. Колдонуучу катары Сиздин ар-түрдүү жекече маалыматтарыңыз Беримдер кампасында сакталат. Андан сырткары, жаңылыштыктардын алдын алуу үчүн сайттагы бардык аракеттер көзөмөлдөнүп турат. Сиздин маалыматтарыңыз Сиздин уруксатыңызсыз эч бир учурда үчүнчү тарапка берилбейт, бирок ошол эле учурда сайтка жасалган бузуучулук аракеттерден улам ал маалыматтар ачыкка чыгып кеткен учурда вебуста, администратор же модераторлор эч кандай жоопкерчилик тартышпайт.
Сайттын системасы Сиздин компүтериңиз жөнүндө маалыматтарды сактоо үчүн Кукис (cookies) колдонот. Кукис Сиз жөнүндө Сиз киргизген эч кандай маалыматтарды камтыбайт, ал болгону сайт боюнча багыт алуу жана сайтты көрүүңүздү ыңгайлаштыруу жана оңой кылуу үчүн кызмат аткарат. Сиздин электрондук дарегиңиз катталуу учурунда берген маалыматтарыңызды жана сырсөзүңүздү тастыктоо үчүн, сайттыгы кабарлоолорду жөнөтүү үчүн (эгер бул мүмкүнчүлүктү тандаган болсоңуз), сырсөзүңүздү унутуп койгон учурда анын ордуна жаңысын жөнөтүү үчүн гана колдонулат. Албетте, форумда катталуу ыктыярдуу жана акысыз, катталуу менен Сиз жогоруда айтылгандардан башка келечекте эч кандай милдеттенме албайсыз жана өзүңүз каалаган учурда мүчөлүктөн чыгып кете аласыз.
Ушул шарттарга макул болсоңуз,
1. Аты-жөнүңүздү [Толук жана чын болушу керек. Эгер өзгөртүлгөн аты-жөнүңүз менен катталганыңыз билинип калса, мүчөлүгүңүз алынат, мисалы: Семетей Манас уулу же Каныкей Темир кызы];
2. Кайсы өлкөдөн байланышып аткаңызды;
3. Сүрөтүңүздү [Сүрөтүңүздө жүзүңүз (бетиңиз) жакындан даана көрүнүшү керек];
дарегине катыңзыдын темасын "Катталуу" деп жибериңиз. Аты-жөнүңүз, учурда жашап аткан өлкөңүз, сапаттуу сүрөтүңүздү баарын толук жибермейин каттоодон өтө албайсыз.
Рахмат,
Жетекчилик
|
|
|
|
|